Акселерометр

Википедия дан
Электрондук акселерометр

Акселерометр (лат. accelero — тездетип жатам жана б.-грек. μετρέω — ченеп жатам) ― транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж.б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, учак ж.б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор.

Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби боюнча механика, электр-механикалык; арналышы боюнча ылдамданууну өлчөгүч акселерометр деп айырмаланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1