Аксиомалар системасы

Википедия дан

Аксиомалар системасы — математикалык илимдердин негизин түзгөн аксиомалардын жыйындысы.

Аксиомалар системасына төмөнкүдөй үч талап коюлат:

  1. ал бири бирине карама-каршы болбош керек, б. а. бир аксиомадан келип чыккан натыйжа башка аксиоманын натыйжасын төгүндөбөш керек;
  2. ал көз каранды болбош керек, б. а. бир дагы аксиома башка аксиомадан келип чыкпаш керек же башка аксиоманын негизинде далилденбөөгө тийиш;
  3. ал ар кандай жаңы жобоңу, аныктаманы далилдөө үчүн жеткиликтүү болушу зарыл.

Аксиомалар системасы аксиоматика деп да аталат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004