Аксиоматика ыкмасы

Википедия дан

Аксиоматика ыкмасы - кандайдыр бир илимий теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы менен анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-ж.) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевскпй жана Я. Больяйдын 19-кылымдын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. Аксиоматика ыкмасынын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаңы деңгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. Аксиоматика ыкмасы каалагандай көптүктө топологиянын акспоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү dim, ind, lnd - акспоматпкалык аныкталыштары ж. б.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1