Аксур көмүр кенчеси

Википедия дан

Аксур көмүр кенчесиОш облусунун Өзгөн районунда, Чытты жана Карабулак сууларынын ортосунда, Чытты көмүр кенинен түштүк-чыгышта. Кенче 1945-жылдан белгилүү. Анын аянты Чытты кенинин көмүрлүү туюк свитасынын түштүккө карай уланышы болуп эсептелет. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыңдыгы 0,20 1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол менен антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 6,15%, орточо күйүү жылуулугу 34,87МДж/кг (8330 ккал/кг). Болжолдуу ресурсу 300 м тереңдикке чейин 15 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]