Аксур таш көмүр кенчеси

Википедия дан

Аксур таш көмүр кенчеси - Жазы аянты Ош облусунун Өзгөн районунда, Чытты жана Кара-Булак сууларынын аралыгында. 1945-жылдан белгилүү. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыңдыгы 0,20-1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол менен антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 6,15%, орточо күйүү жылуулугу 34,87 МДж/кг (8330 ккал/кг). Болжолдуу ресурсу 300 м тереңдикке чейин 15 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1