Аксуу чопо кени

Википедия дан

Аксуу чопо кени - Чүй өрөөнүндө, Сокулук районунда, Аксуу темир жол бекетинен 1 км түштүк батышта, Аксуу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959—60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоң чөкмөтектери жайгашкан. Чопо күрөң, кызгылт күрөң түстө, майда күлботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыңдыгы 1,6— 8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыңдыгы 0,1—0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук ж-а шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005—0,05 мм — 76,92%, 0,05— 0,5 мм — 21,54%, 0,5—2,0 мм — 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Аксуу кирпич з-дунда «100», «150» маркадагы кирпич ж-а черепица жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1