Актерек, урук

Википедия дан

Актерек - баргы уруусунун курамындагы урук[1].

Этноним байыртадан белгилүү болгон, ыйык деп эсептелген дарактардын бири - бай терекке байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. “Манас” үчилтигинде касиеттүү “бай терек” жөнүндө кызыктуу маалыматтар баяндалат[2]. “Манас” эиосунда чагылдырылган “бай терек” дүйнөлүк дарак жөнүндөгү эзелки шамандык концепцияга дал келет[3]. Түштүк Сибирдин түрк-монгол тилдүү урууларында, элдеринде карагайды, өзгөчө кайыңды ыйык тутуу (онгон уругунда) кенен таралганы маалым. Шамандар Көк Теңир менен байланышуу үчүн ритуал өткөрүүдө ыйык деп эсептелген уруулук (урук) дарактар көк асман менен байланыштыруучу милдетти аткарышкан.

Этнонимдин параллели “бай терек” - (сарыбагыш), “беш терек” (баргы), казактарда да “бай терек” формаларында кездешет[4]. Мындан сырткары, казактын улуу жөзүндөгү канлы уруусунун аскердик урааны “байтерек” аталары маалым[5].

Ак Терек - айыл-кыштак, жер-суу аттары катары өтө кенен ареалга тараган[6].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 106.
  2. Абрамзон, 1990, 303-304.
  3. Молдобаев, 1995, 208-211.
  4. Жанузаков, 1982, 166.
  5. Тынышпаев, 1925, 29.
  6. СГНК, 1988, 20.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]