Актерек кум-шагыл кени

Википедия дан

Актерек кум-шагыл кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 7 км түштүк-батышта, Ош–Ноокат жолунун боюнда, Жапалак кыштагынан 3 км түштүк тарапта. 1965–73-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен неоген-төртүнчүлүк мезгилдин башталышында пайда болгон борпоң кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кесек фракциялар начар жумуруланган, иргелбеген, жалпак формадагысы арбын (11,5–14,6%), чопо бөлүкчөлөрү 14%. Кум ири бүртүкчөлүү, кесектик модулу 12%, органикалык кошундулар жана слюда жок. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланса болот. Запасы А+В–2213 миң м3, С1–7866 миң м3, А+В+С1–10079 миң м3, 1997-жылга карата баланстагы запасы: С1– 348 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]