Актерек 2 кум-шагыл кени

Википедия дан

Актерек 2 кум-шагыл кени Ош облусунун Кара-Суу р-нуда, Ош шаарынан 10 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1170–1350 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен неоген-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон борпоң кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кум-шагылдын калыңдыгы 68 мден 90 мге чейин өзгөрөт. Кесек кошумча 18% койташтан, 50% жумуруланган таштан, 26,5% кум, 0,14 ммден майдасы 5,14%. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланууга болот. Запасы В-6236 миң м3, С1-6559 миң м3,В+С1-12795 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]