Активациялык анализ

Википедия дан

Активациялык анализ, (радиоактивациялык анализ) – атом ядросунун активдүүлүгүн жана пайда болгон радиоактивдүү изотопторду изилдөөгө негизделген элементтер сапаттык жана сандык анализинин методу. Затты ядролук бөлүкчөлөр (жылуулук же тез нейтрондор, протондор, дейтрондор, a бөлүкчөлөрү жана башкалар) же g кванттар менен нурландырат. Андан радионуклиддер катар номерин жана массалык санын анын белгилүү жарым ажыроо мезгили Т1/2 жана нурлануу энергиясы Е б-ча аныктайт. Тигил же бул радионуклиддер пайда болушуна алып келүүчү ядролук реакциялар белгилүү болгондуктан, баштапкы атом кайсыл атом экендигин аныктап алууга болот. Аныкталуучу элементтер белгилүү саны бар үлгү менен, аныкталуучу үлгүнүн активдүүлүгүн салыштырууга негизделген салыштырма метод менен аныкталат. Сандык анализде, ядролук реакцияга катышкан баштапкы изотоптун санына, пайда болгон радионуклид активдүүлүгү пропорционалдуу экендигине негизделген эки метод колдонулат: 1.Абсолюттук метод, жогорку денгээлдеги каталыкты жибериши менен мүнөздөлөт (стандарттык четке чыгуу 0,4-0,6), ошондуктан көпчүлүк учурда анализди, үлгүлөрдүн активдүүлүгүн өлчөө жана нурлантууну бирдей шартта жүргүзүү менен ишке ашырат. А. а. эки негизги инструменттик жана радиохим. деген эки варианты бар. Биринчиси, начар активдештирилген же аз жашоочу радионуклидди пайда кылуучу заттарды анализдөөдө колдонулат. Анализденүүчү үлгүнү жана салыштырма үлгүлөрдү бир убакта алышат да, алардын g спектрлерин бир нече жолу ченешип салыштырышат. g спектрлерди ирээти менен ченөө, аныкталуучу элементтер радионуклиддерин гамма квант энергиясы б-ча гана идентификациялабастан, жарым ажыроо Т1/2 мезгили б-ча да аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Радиохим. нурлантууда үлгүнү эритип, радионуклиддик негизде аныкталуучу элемент радионуклидин атайын кошулган изотоп алып жүрүүчүлөрү менен ажыратат. Ажыратууну экстракция, хроматография, дистилляциялык метод менен жүргүзөт. Алар, аныкталуучу элементтер активдүүлүгүн жарым өткөргүчтүү спектрометрде аныктоого мүмкүн болгон радиохим. тазалыктагы препараттарын алууга мүмкүндүк берет. Нейтрон – активациялык анализ кеңири таралган. Мында изилденүүчү зат энергиясы 0,025 эВ болгон жылуулук нейтрондор агымы менен нурландырылат. Анткени бул учурда ядролук реакциянын кесилиш аянты көпчүлүк элементтер үчүн башка ядролук реакциянын кесилиш аянтынан (n, g) бир нече ирет өйдө турат. Ядролук реактордон чыккан нейтрондун агымы 1013-1015 бөлүкчө см2/г жетет. Бул метод мезгилдик системадагы көпчүлүк элементтер аныктоо чегин 10-4 – 10-12 % Na баштап аныктоого мүмкүндүк берет. А. а. өзгөчө таза заттарды, геологиялык жана айлана-чөйрө объектилерин анализдөө, металлдар жана алардын куймаларын экспресстик анализдөөдө, о.эле кандагы, плазма, жаныбар жана өсүмдүк ткандарындагы микроэлементтер аныктоодо, соттук – медициналык экспертизада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]