Активдүүлүк (физика)
Көрүнүш
Активдүүлүк (физика), (радиоактивдүү булактын активдүүлүгү) – бирдик убакыт ичинде радиоактивдүү ажыроонун саны.
СИдеги Активдүүлүктүн бирдиги – беккерель (Бк). 1 Бк бул 1 секундадагы 1 ажыроого барабар. Мындан тышкары кюри (Ки) бирдиги бар. 1 Ки=3,7.10^10Бк. Бул 1 г радийдин ажыроо Активдүүлүгү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0