Активдүү чөйрө

Википедия дан

Активдүү чөйрө - бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал боюнча тең салмаксыз бөлүштүрүлүшү жана энергия деңгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэффициенти активдүү чөйрөдө энергиянын азаюу (жоготуу) коэффициентинен көбүрөөк болсо, анда активдүү чөйрө аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануусу күчөйт. Активдүү чөйрө кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык жана молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр жана плазма активдүү чөйрө болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1