Актив (финансылар)

Википедия дан

Актив (латынчасы activus – ишкердүү) – 1) уюмдун кандай гана болбосун менчиги: машиналар менен шаймандар, туракжайлар, корлор, банк салымдары, баалуу кагаздарга инвестициялар, патенттер;
2) бухгалтердик баланстагы ишкананын материалдык жана материалдык эмес (гудвилл ) баалуулуктарын чагылдырган бөлүгү; кайта өндүрүүдө жол жобосуна карай топтоштурулган каражаттардын курамын, жайгаштырылышын жана пайдаланылышын мүнөздөйт;
3) баланстын айрым түрлөрүндө (төлөм балансы ж. б. у. с.) кирешелердин чыгашалардан ашып кетүүсү.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7