Актинометрия

Википедия дан

Актинометрия - (актино... жана метр) - метеорологиянын атмосферада, гидросферада жана жер бетинде күн радиациясынын таралышын, өзгөрүлүшүн изилдөөчү бөлүмү. Түз чачыраган, чагылышкан жана кыска (0,3-4 мкм), узун толкундуу күн нурлары (узундугу 4-100 мкм) менен атмосферадагы радиация балансын сан жана сапат жагынан изилдөө, атмосферада, гидросферада жана жер бетиндеги күн энергиясынын өзгөрүүлөрүн өлчөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана керектүү приборлорду жасоо - актинометриянын негизги милдети. Актинометрия атмосфералык оптика жана спектроскопия менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле гелиофизика, атмосферанын бийик жана жерге жакын катмарын изилдөө физикасы менен жалпы жактары бар. Актинометрия боюнча жүргүзүлгөн эксперименттик, теориялык иштердин жыйынтыктары климатологияда, айыл чарбада жана өнөр жайда, медицинада, архитектурада, транспортто, аэрологияда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1