Акты түзүү ордунун мыйзамы

Википедия дан

Акты түзүү ордунун мыйзамы (lex loci actus) – эл аралык жеке укуктагы жарандык-укуктук акт жасалган (м.: керээз кат түзүлгөн, ишеним кат жазылган, келишимге кол коюлган) аймактагы мамлекеттин укугу колдонулушун билдирген бекитүү формуласы. Ал жалпыланган формула болгондуктан, мына ушундай түрүндө такай эле колдонула бербейт, анткени «жарандык-укук акт» – көп жактуу жарандык-укуктук иш-аракетти камтып турган өтө кеңири түшүнүк. Ошондуктан, кандай иш-чара тууралуу сөз жүргөндүгүнө жараша керектүү басым коюлат. Келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы, келишимди аткаруучу жердин мыйзамы, зыян келтирген жердин мыйзамы – анын эң кеңири тараган түрү болуп саналат.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7