Акт жана потенция

Википедия дан
Аристотель.

Акт жана потенция (мүмкүндүк жана аныктык)Аристотелдин философиясындагы маанилүү түшүнүк. Өзүнүн акт жанаа потенция окуусу менен Аристотель онтологияга өнүгүү принцибин киргизет. Акт жана потенция түшүнүктөрүнө «кыймыл» түшүнүгү сыяктуу эле так, бекем аныктама берилбейт, бирок техноморфтук жана биоморфтук аналогиянын жардамы менен аныкталат. Аристотелдин айтуусу боюнча, аметрия-бул таза потенциалдуулук, ал эми форма, эйдос-буюмдардын актуалдуулугу (энергия же энтелехия). Аристотель тарабынан биринчи жолу киргизилген Акт жана Потенциянын оппозициясы «пайда болуу» анализи үчүн андан кийин «кыймылдын» башка түрлөрүнө көчүрүлөт. Энергия (актуалдуулук) убактылуу онтологиялык жана аксиологиялык примат менен мүнөздөлөт. Актуалдуу түшүнүгү эки мааниге ээ: а) процесстин потенцияга болгон б) болмуштун материяга болгон мамилесин билдирет. Аристотель психологияда «жанды» энергияга болгон акт катары аныктайт. Акт этикада (энергия) «ыракаттын» аныктамасы катары кызмат кылат. Акт жана потенция неоплатонизм, андан ары орто кылымдагы философия тарабынан өздөштүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]