Акунтоо, тоо

Википедия дан

Акунтоо, тоо – Түркстан кырка тоосунун бир тармагы. Баткен өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Түндүгүндө Кишемиш суусу жана анын куймасы Карасай аркылуу Чатырташ тоосунан бөлүнүп турат. Орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 3870 м.

Тоонун жону тайпагыраак келип, тик чокулары жокко эсе. Батыштан чыгышка карай бийиктейт. түштүк капталы тик, жардуу. Түндүгү Баткен өрөөнүн карай жантайыңкы. Капталдарына жарым чөл, талаа, шалбаалуу жана бадал-арчалуу талаа, субальп жана альп шалбаалуу талаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, тоо этеги кайрак айдоо жана чөп чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]