Акустикалык зонд

Википедия дан

Акустикалык зонд – үн талаасынын берилген чекитиндеги үн басымын жогорку тактыкта өлчөөчү түзүлүш.

Акустикалык зонд сырткы чөйрөдөн обочолонгон ичке түтүк (А) же катуу өзөк түрүндө жасалат. Түтүктүн бир учу изилденүүчү үн талаасына киргизилет, экинчи учу үн кабыл алгычка (Д) бириктирилет.

Резонанс кубулушу болбогондой жана кабыл алгычтын артында таралма толкун режими болгудай түтүккө (өзөккө) үн жутуучу узун өткөргүч (В) туташтырылат. Акустикалык зонд көлөмү кичине жана иштөөгө ыңгайсыз жерлердеги өлчөөлөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]