Акустикалык күзгү

Википедия дан

Акустикалык күзгү – түшкөн үн толкундарын чагылдыруучу жана өлчөмү үндүн толкун узундугуна караганда бир топ чоң болгон жылмакай бет. Колдонулушу жана формасы оптикалык күзгүгө окшош. Эгерде чагылдыруучу тегиздиктин текши эместиги (бодурлугу) дан кичине болсо, ал бет жылма деп эсептелет.

Акустикалык күзгү үндүн таралуу багытын өзгөртүү жана үндү фокустоо үчүн колдонулат. Чагылган толкундун амплитудасы күзгүнүн чагылтуу даражасына, формасы күзгүнүн формасына жараша болот. Мис., тайпак Акустикалык күзгү толкундун формасын эмес, анын таралуу багытын гана өзгөртөт. Ал эми татаал геометриялык формадагы (парабола, конус) күзгүлөр толкундун таралуу багытына да, анын фронтуна (сфералык, жалпак) да таасир этет. Парабола түрүндөгү күзгүлөр жалпак толкундук багытын өзгөртүп, аны сфералык толкунга айландырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]