Акустикалык материалдар

Википедия дан

Акустикалык материалдар - имарат бөлмөсүнүн акустикалык сапатын, касиетин жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу материалдар. Алар үн жутуучу жана үн өткөрбөөчү материалдар болуп бөлүнөт. Айнек буласынан же минералдык кебезден жасалган тешиктүү текчелер ж-а акустикалык шыбактоо үн жутуучу материал болуп эсептелет. Полдун, шыптын жана дубалдын арасына коюлуучу асбестоцементтен, жыгач буласынан, борпоң пластмассадан жана минералдык кебезден жасалган серпилгичтүү текчелер - үн өткөрбөөчү төшөлмө. Бул материалдар өнөржай ишканалары ж. б. имараттардын ичиндеги пайда болгон ызы-чууну сиңирүү үчүн, коомдук жайларда (зал, аудитория, радиостудия) үндүн жакшы угулушун камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1