Акустикалык нурланткыч

Википедия дан

Акустикалык нурланткыч – серпилгич чөйрөдө үн толкундарын пайда кылуучу түзүлүш.

Акустикалык нурланткычтар үн пайда кылуучу ар түрдүү нерселерге, мис., серпилгич чөйрөдө катуу нерселердин жана беттин термелишине (керилген кыл, пластина, мембрана ж. б.), абаны термелтүүгө (ышкырык, сирена, адамдын үн чыгаруучу аппаратына ж. б.), чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүнө (термофон, понофон) ж. б. негизделет. Акустикалык нурланткычтын негизги мүнөздөмөлөрү: нурлантылуучу жыштыктын диапазону, нурлануунун кубаттуулугу жана багыттуулугу. Колдонулушуна жараша бул мүнөздөмөлөргө да ар түрдүүчө талап коюлат, мис., катуу сүйлөткүч 30 Гц тен 16 кГцке чейинки жыштыкта үндү бардык багытка таратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]