Акустикалык парамагниттик резонанс

Википедия дан

Акустикалык парамагниттик резонанс - турактуу магнит талаасына жайгаштырылган парамагниттүү кристаллдардын белгилүү жыштыктагы серпилгич толкун энергиясын тандап жутуу кубулушу. Магнит талаасына орнотулган парамагниттүү кристаллда gжыштыктагы акустикалык термелүүлөр дүүлүктүрүлөт, анын эсебинен магниттик деңгээлчелердин арасында электрондордун бир абалдан башка абалга кванттык өтүшү пайда болот. Акустикалык парамагниттик резонанс кубулушу пайда болуш үчүн магнит квант санынын өзгөрүшү m=±1, ±2 тандоо эрежесине баш ийиши керек. Акустикалык парамагниттик резонанс өтө жогорку жыштыктагы (109 - 1011 Гц) үндөр (гиперүн) үчүн байкалат. Кадимки кристаллдан алынган резонанстык сызыктын формасы жана анын туурасы парамагниттик иондун түрүнө жана кристаллдын ичиндеги талаа мүнөзүнө шартталган болот. Акустикалык парамагниттик резонанс сызыгынын формасына атомдун жылуулук кыймылы, кристаллдагы деффекттер ж. б. факторлор таасир этет, андыктан акустикалык парамагниттик резонанс аркылуу парамагниттүү кристаллдардын структурасы жөнүндө маалымат алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1