Акустикалык толкун өткөргүч

Википедия дан

Акустикалык толкун өткөргүчакустикалык энергияны өткөрүүчү түтүктөр. Алардын өзгөчөлүгү ички же сырткы чөйрөнүн касиеттеринен кескин түрдө айырмаланып, түтүк, зым же стержень түрүндө болот. Акустикалык толкун өткөргүч сырткы жана ички чөйрөлөрдө кескин айырмаланбаган, ал касиеттер бир чөйрөдөн экинчисине акырындык менен өткөн туташ бир тектүү эмес чөйрөдө да пайда болушу мүмкүн. Мындай акустикалык толкун өткөргүч атмрада ж-а океанда түрдүү температурадагы катмарда байкалат. Жасалма акустикалык толкун өткөргүчкө үн өткөрбөөчү дубал (мисалы, желдетүүчү канал, тоннель) менен чектелген түтүктөр, ал эми табигый Акустикалык толкун өткөргүчкө кадимки чөйрөлөр (мисалы, океан) кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1