Акустикалык топтогуч

Википедия дан

Акустикалык топтогуч (концентратор) – үндүн интенсивдүүлүгүн күчөтүүчү түзүлүш.

Ал төмөнкү жыштыктуу жана жогорку жыштыктуу Акустикалык топтогучка бөлүнөт. Төмөнкү жыштыктуу Акустикалык топтогуч -төмөнкү жыштыктуу ультраүн нурланткычынын термелүү жылышынын амплитудасын чоңойтуучу түзүлүш; ал нурланткычка жазыраак учу менен же материалы өтө тыгыз учу менен бириктирилүүчү кесилиши өзгөрмө же тыгыздыгы өзгөрмө өзөктүү үн өткөргүчтүн кесиндисинен турат. Анын аракети туурасынан кесилиш аянтын кичирейтүүнүн натыйжасында өзөктүн бөлүкчөлөрүнүн жылышуу амплитудаларын чоңойтууга негизделген.

Негизинен 18ден 44 кГц ке чейинки жыштыктарга колдонулат. Төмөнкү жыштыктуу Акустикалык топтогучтун натыйжалуу иштеши үчүн D<λ/2, l=nλ/2 катышы аткарылышы керек, мында n=1, 2, 3, ..., D -максималдуу кесилиш, ал эми l – бул Акустикалык топтогучтун узатасы боюнча өлчөмү, λ-андагы толкун узундугу. Төмөнкү жыштыктуу Акустикалык топтогучтар ультраүн технологиясынын кесүү, материалдарды майдалоо жана өтө майдалоосунда, ширетүүсүндө ж. б. о. эле хирургияда колдонулат. Жогорку жыштыктуу Акустикалык топтогуч -мейкиндиктин (көлөмдүн) кандайдыр бөлүгүндөгү энергиянын тыгыздыгын ультраүн нурланткычтын бетиндеги энергия тыгыздыгына карата көбөйтүүчү түзүлүш. Анын иштеши үндү фокустоого негизделген, ошондуктан Акустикалык топтогуч катары фокустоочу акустикалык линзалар, күзгүлөр, зоналык пластинкалар, рефлекторлор, о. эле ультраүндү фокустоочу формалары сферанын бөлүгүндөй, түз тегерек цилиндрдей же түтүктөй болгон атайын Акустикалык топтогуч колдонулушу мүмкүн. Анын фокалдык аймактагы интенсивдүүлүгү бир нече кВт/см2 ден МВт/см2ге чейин жетет. Жогорку жыштыктуу Акустикалык топтогуч негизинен эмульсия даярдоодо, өтө майдалоодо, чаңдатууда, кир жуу иштеринде, кургатууда ж. б., физикада - кубаттуу ультраүндүн заттарга тийгизген таасирин изилдөөдө, биологияда-микроорганизмдерди жок кылууда, ультраүндүн клеткага тийгизген таасирин изилдөөдө, ультраүн технологиясында, эксперименттик медицинада, айрыкча нейрохирургияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]