Мазмунга өтүү

Акустикалык электр эффекти

Википедия дан

Акустикалык электр эффекти ― ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металлдарда жана жарым өткөргүчтөрдө) таралуучу ультраүн толкундарынын эсебинен туруктуу электр тогунун пайда болушу. Бул эффект ультраүн толкун энергиясы менен импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилгенде байкалат. Натыйжада, үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот.

Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө жана металлдарда акустикалык электр эффекти анчалык күчтүү эмес. Ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (мисалы, CdS жана CdSe) бул эффект кыйла күчтүү байкалат. Ошондуктан, ал катуу заттардагы ультраүндүн интенсивдүүлүгүн өлчөөдө жана жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1