Акустикалык өлчөөлөр

Википедия дан

Акустикалык өлчөөлөр – үндү жана чууну мүнөздөөчү чоңдуктар.

Акустикалык өлчөөлөргө үндүн күчү, үндүн басымы, үндүн катуулугу, тембри, термелүү ылдамдыгы, термелүү жыштыгы жана мезгили, басаңдоо коэффициенти жана интенсивдүүлүгү кирет. Маанилүү мүнөздөмөлөрү үндүн күчү, үн басымы. Физ-да үндүн катуулугу түшүнүгү менен бирге үндүн күчү түшүнүгү да колдонулат. Бирок бул түшүнүктөр ар дайым бирдей эмес. Үндүн күчүнүн толкунунун багытына перпендикуляр болгон аянт бирдиги (1м2) аркылуу өткөн энергиянын санына барабар. Термелүүнүн (толкундун) энергиясы жыштыкка жана термелүүнүн амплитудасына көзкаранды. Термелүүнүн жыштыгы жана амплитудасы канчалык чоң болсо, үндүн күчү да ошончолук чоң болот. Үндүн бийиктиги субъективдүү түшүнүк. 1000–3000 Гц жыштыкта үн күчөп, 8*10^7 Вт/м2 болгондо кайра угулбай калат. Алар кулактын басымын өзгөртүп, оорууну пайда кылат. Угулуу чеги менен ооруу сезимин пайда кылуучу чектердин арасында угулуу областы жатат. Үндүн тону жыштыкка байланыштуу, жыштык канчалык чоң болсо, үндүн тону да ошончолук бийик болот. Акустикалык өлчөөлөр үчүн негизинен электрондук аппараттар колдонулат. Мис., үндүн басымын ченөөдө абада микрофон, суюктуктарда (сууда) гидрофон, чууларды өлчөөдө чуу өлчөгүч колдонулат. Микрофон менен гидрофондо үн сигналы электр чыңалуусуна айландырылат.

Акустикалык өлчөөлөрдүн маанилүү бөлүмүнө курулуш жана архитектуралык акустикадагы өлчөөлөр, радио жана байланыштагы үн өткөргүчтөрдү мүнөздөөчү өлчөөлөр кирет. Адамдардын угуу сезимин жана анын нормадан четтеп кетүүсүн (аудиометрия) аныктоо жана Акустикалык өлчөөлөрдүн өзгөчө жана маанилүү тобун түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]