Акуционок Петр Антонович

Википедия дан

Акуционок Петр Антонович - (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск облусу, Шумилино шаарчасы 1943, Гомель облусу, Лоев шаарчасы) - Советтик Союздун Баатыры (1943). 1941-ж. Белоруссиядан Кыргызстанга эвакуацияланган завод менен кошо келген. Таш -Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борбордук фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон. Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтик Союз. Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө жана мектеп анын ысмы менен аталат. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1