Акцепт

Википедия дан

Акцепт (лат. acceptus – кабылданган).
1) жарандык укукта аны кабыл алуу тууралуу оферта (келишим түзүү сунушу) даректелген тараптын жообу. Акцепт толук жана айныксыз болуусу керек. Эгер ишкер жүгүртүмдөн, же тараптардын буга чейинки ишкер мамилелеринен, мыйзамдан башка бир нерсе келип чыкпаса, унчукпоо акцепт болуп эсептелбейт. Эгер оферта менен айныксыз макулдук сунушталган тарап белгиленген мөөнөттө кабылданса гана акцепт болуп таанылат;
2) банк эсептешүүлөрүндө – төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Төлөө товар берген жана кызмат көрсөткөн тарап жазып берген төлөм документтери менен төлөөчү макул болгондо (акцепт) колдонулат;
3) камсыздандырууда – күбөлөмөдө (слипте) камсыздандыруучунун өкүлү тарабынан анда белгиленген слип тобокелчилигине ошол шарттарда катышуусун бышыктоо иретинде өзүнүн аты-жөнүн жазып коёт. Адатта аты-жөнү менен бирге катышуунун чен-өлчөмү жана келишимдик мамилелерге кирүүнүн күнү көрсөтүлөт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7