Акцессор минералдары

Википедия дан

Акцессор минералдары - (соңку лат. accessorius - кошумча) - магма жана метаморфизм тоо-тектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоотектерге мүнөздүү да болот. Мисалы: граниттерге - апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге - хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоо-тектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кенташка айланат. Акцессор минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоотектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын жана башкаларды аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1