Акциз

Википедия дан

Акциз (фр. accise, лат. accidere – кесүү) – негизинен кеңири керектелүүчү товарларга жана жеке менчик ишканалар көрсөтүүчү кызматтарга (баасына же тарифине кошулган ) салынуучу кыйыр салыктардын түрү. Сатып алуучулар (кардарлар) тарабынан төлөнөт. Алуу ыкмасына карай индивидуалдык (жеке) жана универсалдык (жалпы) болуп бөлүнөт. Индивидуалдык акциз товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кээ бир түрлөрүнө, ар бир товар (кызмат) бирдигине туруктуу өлчөмдө белгиленет. Универсалдык акциз жүгүртүмдөн дүң алынат жана товардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына карата үстөк пайыз түрүндө белгиленет. Акциз жыйноочулары иш жүзүндө, же ошол акциздик товарды өндүрүүчүлөр, же салык салынган кызматтарды көрсөтүүчүлөр болот. Товарларга Акциз үч түрдүү салынат: а) бирдиктүү-топтун ичинде сапаты, сорту жана баасы боюнча анча айырмаланбаган товарлар үчүн (туз, ширеңке, шекер); б) дифференциалдуу (айырмалуу) түсү, бышыктыгы боюнча ар түркүн сапаттык белгилерге ээ товарлар үчүн (шарап, зергер буюмдар ж. б. ); в) орточо, сорттору ар түрдүү баадагы бир кылка товарлар үчүн (тамеки буюмдары)[1].


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Акциз түшүнүгү-акциздик товарлар деген эмне, төлөөчүлөр, төлөмдүн мөөнөтү жана булактары