Акциздер

Википедия дан

Акциздер - (лат. dere - кесем) - эл кеңири керектөөчү товардын, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн баасына кошуу менен алынуучу кыйыр салыктын түрү. Акциздик товарларга алкоголдук жана тамеки продукциялары, жеңил машиналар, зергер буюмдар, нефть продуктылары, накта булгаарыдан жасалган кийимдер, хрусталь идиштер, ок атуучу куралдар, килемдер, кофе жана какао кирет. Акциздер өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүү товарларынан мамлекеттин казынасына түшүрүү үчүн салык акциздер салыгы деп аталат. Акциздер салыгын төлөөчүлөргө акциздик товарларды өндүрүүчү ж-а соодалоочу ишканалар кирет. Салык өз убагында айдын он бешинен кечиктирбей төлөнөт. Акциздер чендери чен коюу методу боюнча төмөнкү түрлөргө: туруктуу, өзгөчө (абсолюттук суммада) жана адвалордук (% менен) болуп бөлүнөт. Зергер буюмдардан жана жаратылыш газынан башка акциздик товарлардын бүт түрүнө өзгөчө чен колдонулат. Чендин түрлөрүнө карата акциздер салыгы: бирдиктүү акциздер - баасы жана сапаты жагынан аз айырмаланган сорттогу товарларга; дифференцияланган акциздер - ар түрдүү мааниде: сапаты, күчү (вино) боюнча классификацияланган товарларга; орточо акциздер - баалары сортторуна жараша ар түрдүү болгон (тамеки түрү) бир типтүү товарларга ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Кыргызстанда акциздер салыгынын формасы, убактысы КРнын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1