Акчасыз эсептешүү

Википедия дан

Акчасыз эсептешүү - төлөмдөрдү накта акчасыз ишке ашыруу жана карыздакордун эсебинен кредит мекемелериндеги кредит берүүчүнүн эсебине өз ара талаптарды эсепке алуу же каражат которуу жолу менен бүткөрүү. Акчасыз эсептешүү накта акча жүгүртүүнү алмаштыруу менен ага муктаждыкты азайтат, каражаттардын айлануусун тездетет, жүгүртүү чыгымын кыскартат. Бардык акчасыз эсептешүү кредиттик мекемелер аркылуу же алардын контролдугу астында жүргүзүлөт. Акчасыз эсептешүү каражаттарына жүгүртүү акча төлөм каражаттары: векселдер, чектер, которуулар ж. б. кирет. Банк эсебине каражаттарды которуу аларда сакталып турган төлөмөрдүн салымдарынын (банк депозиттеринин) эсебинен же банк ссудасынын эсебинен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1