Акыйкат

Википедия дан

Акыйкат объективдүү дүйнөнүн аң-сезимде туура чагылышы, түшүнүктүн, пикир жүргүзүүнүн, ой корутундусунун, теориянын коомдук тажрыйба жана иликтөөдө текшерилип, аныктала турган объективдүү мазмун. Акыйкат – диалектикалык логиканын негизги маселелеринин бири. Маркска чейинки материалисттер Акыйкатты эч убакта өзгөрбөй турган билим деп түшүнүп, аны билбестик менен адашуучулукка карама-каршы коюп келишкен. Метафизикалык материалисттер Акыйкаттын абсолюттук критерийин издеп, мындай критерий туюунун абсолюттук талашсыздыгында десе, кээ бири аны акыл-эстен издеген. Француз материалисттери Акыйкаттын критерийин адамдын «таламдары» менен байланыштырса, Фейербах Акыйкаттын критерийин тажрыйба деген түшү-нүккө жакындаткан. Материалисттик диалектика б-ча Акыйкаттын критерийин субъектинин аң-сезиминен же объектинин өзүнөн издеп табууга болбойт. Акыйкат субъектинин объектиге карата мамилесинин туюнтулушуна байланыштуу, анын критерийи да таанып-билүү мамилелерин чагылдырууга тийиш. Коомдук тажрыйба дал ушундай мамилелерди туюнта турган Акыйкаттын критерийи болуп саналат. Акыйкат тажрыйбада ар түрдүү жолдор менен текшерилет. Практиканын ар бир конкреттүү формасы көбүрөөк жетилген формасы менен алмашылып турат. Ошондуктан диалектикалык материализм тажрыйбага зор маани берүү менен бирге аны абсолютташтырбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы.-Б.:2004,ISBN 9967-14-020-8