Акыл корутундусу

Википедия дан

Акыл корутундусу - дүйнөнү аддап, таанып-билүүнүн, кабылдоонун акыл-эстик (рационалдык) ой жүгүртүүлөрдүн негизинде диалектикалык логикалык жол менен келип чыккан жаңы ой, ойлоо формасы. Акыл корутундусунун негизин таанып билүүнүн жолу - баскычтары түзөт: а) башталыш баскычы - сезимдик таанып-билүү (туюу, кабылдоо, элестөө); б) акыл-эстик таанып-билүү. Акыл корутундусу дедукциялык (жалпыдан жекеге карай) жана мүмкүндүк, ыктымалдык, индукциялык (жекеден жалпыга карай) болуп бөлүнөт. Акыл корутундусу чыныгы негизден чыныгы жалпы корутундуну гарантиялаган эреже боюнча түзүлсө, дедукциялык болот. Эгерде мындай тартип менен түзүлбөсө, мүмкүндүк, ыктымалдык болуп калат. Индукциялык ыкма да жекече ой жүгүртүүлөрдү изилдөөдө көп учурларда чындыкты далилдөөнү толук гарантиялабай, негиздерди мүмкүндүк, ыктымалдык абалда калтырып коёт. Иш жүзүндө ойлоо процессинде негиздердин кээ бир бөлүктөрү акыл корутундусуна кошулбай, кошулса да көңүлдө гана калып, андан түшүп калат. Мындай толук эмес акыл корутундусусун колдонуу - каталыкка, жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, калып калган бөлүктөрдү таап, дааналап көрсөтүү - таанып-билүүнүн ката табуу жолдорунун бири. Буга логика да жакшы жардам берет. Акыл корутундусу - таанып-билүү процессинде абдан маанилүү роль аткарат. Ал аркылуу тажрыйбага кайрылбай туруп, жаңы билим алууга да болот. Акыл корутундусу дайыма өнүгүп турат. Ал аркылуу дүйнөнү таанып билүү процесси улана берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1