Акымбек Олжобай уулу

Википедия дан

Акымбек Олжобай уулу - орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин (1824-25) башчысы. Ал бугу уруусунун арык уругунун бийи. 19-кылымдын биринчи чейрегиндеги түндүк кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык Ысык-Көл кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн Россияга элчилик жиберүүгө ыңгай түзүп, уруу төбөлдөрү Акымбек Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан Алгазы Шергазы уулу, желдең уругунан Алымбек Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат менен жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-ж. 5-январда Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернатору жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу менен эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. Акымбек элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны 1827-ж. Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. Бубенов тапшырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

[[Категория:Инсандар]