Акынбеков Куттубек Усенбаевич

Википедия дан

Акынбеков Куттубек Усенбаевич - (1950-ж. туулган, Талас облусу, Өзгөрүш айылы, Бакай-Ата району) медицина илимдеринин доктору (1998), профессор (1999). КММИни (1973), жогорку партиялык мектепти (1980) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, клиникалык изилдөө лабораториясынын башчысы болуп иштеген. 1998-2001-жылдары КММАда кафедра башчы, 2001-04-жылдары КМШАнын Коомдук саламаттык сактоо институтун директору, 2004-жылдан кафедра башчысы. Илимий эмгектери гигиена, эмгек физиологиясына, социалдык гигиена жана саламаттык сактоону уюштурууга арналган. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 4 окуу китеби жарык көргөн. Эмгектери: Актуальные вопросы и физиологии горного овцеводства (авторлош). Б., 1996; практикум по медицинской статистике. Учебно-метод. пособие (авторлош) Б., 1999; Организация медицинской помощи работникам отгонного животноводства на современном этапе. Метод. реком. Б., 1995.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1