Акыр заман

Википедия дан

Акыр заман - (топон суу каптаган мезгил) - жер жүзүндө адам баласы тарабынан жасалган күнөө ченемсиз көбөйгөндө, адам Кудайды тааныбай калганда бул заман, цивилизация өз жашоосун токтотот. Бул ыйык китептердин көпчүлүгүндө айтылат. Топон суу каптап, нөшөрлөгөн жаан-чачындан адамзаттын жашоосу токтойт. Акыр заман жөнүндөгү түшүнүк кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон. Энесайлык кыргыздарда бүткүл дүйнөлүк топон суудан аман калган легендарлуу Бурус (Пүрүс) кайыкка өз оокаттарын салып аман калгандыгы баяндалат. Бүгүнкү хакастардын эсинде сакталып калган байыркы кыргыз уламышын Нух (Ной) пайгамбар жана анын кемеси менен салыштырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]