Акы төлөнбөгөн эмгек

Википедия дан

Акы төлөнбөгөн эмгек эч кандай түздөн-түз акы алынбаган эмгек катары аныкталат. Ал "рыноктук эмес жумуштун" бир формасы жана үй чарбасындагы иш-аракеттер менен эле чектелбейт. Акы төлөнбөгөн эмгектин башка түрлөрүнө кайрымдуулук иштеринин бир түрү катары ыктыярчылык (волонтёрлук) жана акы төлөнбөгөн эмгектин түрү катары стажировка кирет.

Төлөнбөгөн үй иштери[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) аныктамасына ылайык, төлөнбөгөн эмгек өзүнө 3 форманы камтыйт: аягында жеке пайдалануу үчүн жасалган үй чарбасындагы тейлөө өндүрүшү, үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү иши, жергиликтүү коомчулуктун жыргалчылыгы же башка үй чарбаларына жардам катары кайтарымсыз эмгек ишмердүүлүгү.[1] Бул иштерге коммуналдык төлөмдөрдү төлөө, дүкөнгө барып келүү, үй-бүлө мүчөлөрүн мектепке же ооруканага коштоп баруу, үй жыйноо, кир жуу, тамак жасоо, жемиш багына жана үй жаныбарларына кам көрүү жана башкаларды кошууга болот.  

Төлөнбөгөн үй иштеринин алкагында адамзат капиталын өнүктүрүүгө, жумушчу күчтүн жаңы муунун жаратууга жана жалпы эле коомдун жыргалчылыгы үчүн маанилүү болгон жумуштар жасалганына карабай иштин бул түрү экономикалык ишмердүүлүк көрсөткүчтөрүндө (мисалы, ИДПда) чагылдырылбайт.[2]

Дүйнө жүзү боюнча, кам көрүү жаатындагы төлөнбөгөн жумуштарга күн сайын 16,4 миллиард саат коротулат. Бул күнүнө 8 сааттан иштеген 2 миллиард адамдын эмгегинин эквиваленти.[3]

ЭЭУнун баалоосу боюнча, дүйнөдө аялдардын төлөнбөгөн үй иштерине бөлгөн убактысы жалпы убакыттын 75 пайызынан көп убакытты түзөт же эркектер бөлгөн убакыттан 3,2 эсе көп.[4] Кыргызстанда аялдардын төлөнбөгөн үй иштериндеги үлүшү 73,3%, Швецияда 55,3%.[4]    

Кам көрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

"Төлөнбөгөн кам көрүү иши" адатта күнүмдүк иштерди камтыйт, мисалы, куруу,  оңдоо, тамак кылуу, эс алууларды пландаштыруу, балдардын көңүлүн ачуу, жууп-тазалоо, үй чарбасы үчүн соода кылуу, ошондой эле балдарды, карыларды, оорулууларды багуу. «Акы төлөнбөгөн кам көрүү иши» термини биринчи кезекте үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү жумушу катары аныкталат, бирок өндүрүш менен байланышкан акы төлөнбөгөн жумуштун башка түрлөрү да бар экенин белгилей кетүү маанилүү, алар өз керектөөлөрү үчүн тамак-ашты өстүрүү, суу жана отун чогултуу сыяктуу эмгекти камыйт.

Үй менеджменти[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй менеджменти – үй иштеринин түйшүктүү, бааланбаган жана көп учурда көрүнбөгөн бөлүгү: эстөө, пландоо, эсептөө, бөлүштүрүү жана башка иштер кирет. Көрүнбөгөнү менен феминисттикактивисттердин айтымында бул түр иштер менталдык жүктү жаратат.[5]

Үй иштерин бөлүштүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча аялдар «акы төлөнбөгөн кам көрүү ишинин» негизги камсыздоочулары болот деген күтүү гендердик нормалар менен социалдык жактан калыптанган жана таңууланган. Аялдар үйдөн сырткары толук убакытта иштегенде да үй жумуштарынын көбүн жасап, балдарга кам көрүшөт. Глобалдашуунун натыйжасында аялдардын акы төлөнүүчү жана төлөнбөгөн тармактарда иштеши күтүлүп, үй-бүлөнүн кирешесине салым кошуп, ошол эле учурда акы төлөнбөгөн эмгектин негизги камсыздоочулары бойдон калууда. Бул диспропорция эмгектин гендердик бөлүштүрүлүшүн жана анын иш менен камсыз кылуу моделдериндеги глобалдык өзгөрүүлөр менен кандай өзгөргөнүн көрсөтөт. Мындан тышкары ал социалдык жактан курулган гендердик нормалар аялдарды камкордуктун «кош жүгүн» ​​көтөрүүнү улантууга үндөгөн системаны кандай жаратканын көрсөтөт. "Кош жүк" аялдардын экономикалык жактан аярлуулугуна чоң салым кошот, аялдар көп учурда жумушсуз, оорулуу жана билимсиз калышат. Аялдар дүйнө жүзү боюнча эркектерге караганда 22% аз эмгек акыга ээ, жана көбүнчө биринчилерден болуп жумушунан айрылышат.[6] Ошондуктан финансылык кризис учурунда аялдар эркектерге караганда көбүрөөк азап тартышат.

Ар кандай маданияттарда үй иштерин бөлүштүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй иштеринин көпчүлүгү маданияттардын көбүндө дагы деле аялдарга таандык.[7] Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (ЭКӨУ) мүчө мамлекеттердин арасында эркектердин жана аялдардын үй чарбасына, жакындарына кам көрүүгө бөлгөн убактысы бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, Японияда аялдар эркектерге караганда үй иштерине 5,5 эсе, Түштүк Кореяда 4,5 эсе көп убакыт сарпташат.[7]

2018-жылы Азербайжан, Армения, Босния жана Герцоговина, Грузияда изилдөө жүргүзүлүп, анда сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү “балдарга тамак берүү, жуунтуу жана такма жалаяктарды алмаштыруу аялдардын милдетине кирет” дегенге макул болушту.[8]

Европада, мисалы, Германияда дагы аялдар үй жумуштарына көбүрөөк убакыт жумшаган көрүнүш жоюла элек. “Немис аялдары жаш кезинде үй-бүлө менен карьераны айкалыштырып алып кетүүгө, тандоо эркиндиги болоруна чын дилден ишенишет. Иш жүзүндө баары башкача болот” дейт социолог, жыныстар конфликти тууралуу “Эркектер багуучу болбой калганда...” ("Wenn der Mann kein Ernährer mehr ist" деген китептин автору Корнелия Коппеч (Cornelia Koppetsch).[9]  

Исламда “аял үй иштерин жасоого милдеттүү” деген тикелей көрсөтмө жок. Бул жаатта Мухаммед пайгамбардын өмүрү үлгү катары каралып жүрөт. Ал бош убактысында үй иштерине жардам берген деп айтылат.[10]

15-16-кылымдардагы Орусиядагы христиандык эрежелердин жыйындысы болгон Домострой үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн өз милдеттери болушу керек деп көрсөтмө берген: күйөө - иштеп, тамак-аш табуу, аял - үй чарбасын башкаруу жана кызматчыларды көзөмөлдөө, балдар (ал тургай чоңойгондор да) - бардык нерседе ата-энелерине баш ийүү.

Кыргызстанда үй иштерин бөлүштүрүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Көптөгөн өлкөлөрдөй эле, Кыргызстанда үй иштеринин көбү аялдын үлүшүнө туура келет. Эркектерге караганда аялдар үй иштерине 3 эсе көп убакыт сарпташат.[11] Эркектер салттуу түрдө физикалык күчтү көбүрөөк талап кылган иштерге басым жасашат: жер айдоо, мал кароо, бузулуп калган тиричилик техникасын же эмеректи оңдоо, курулуш иштери жана башка жумуштар. Булар күн сайын жасалчу жумуштар эмес, мезгилдик иштер экени көрүнүп турат. Аялдарга болсо күн сайын үзгүлтүксүз жасалуучу жумуштар – үй жыйноо, тамак жасоо, кир жуу, балдарга жана үйдөгү улууларга (адатта, кайын ата-энеси) кам көрүү сыяктуу иштер таандык.[11]

2014-15-жылдары Кыргызстанда иштеген балдар боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлгөн.[12] Анын жыйынтыгы боюнча балдардын дээрлик үчтөн экиси (62,9 пайыз) үй жумуштарына тартылат. Үй жумуштарын жасоодо кыздар менен эркек балдардын ортосунда олуттуу гендердик айырмачылыктар бар экени аныкталган. Мисалы, идиш жуу жана үй жыйноого катышкан кыздардын үлүшү ушул эле иштерди аткарган эркек балдардын үлүшүнөн 2 эсе көп (64,1 пайыз жана 26,2 пайыз). Кыздар кийим жууганга 42,8 пайыз (балдар 10,4 пайыз), тамак даярдоого 40,4 пайыз (балдар 9,9 пайыз), кичүү балдарды, улгайган же оорулуу үй-бүлө мүчөсүн кароого 35,8 пайыз (балдар 23,8 пайыз) көп тартылышат. Кандайдыр бир шаймандарды оңдоого (13,5 пайыз) дээрлик эркек балдар гана катышат (кыздар 1,8 пайыз).[12]

Үй иштерин бөлүштүрүүдө айрым салттык нормалар сакталуу. Мисалы, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында келин эртең менен эрте туруп эшик алдын (короону) шыпырган салт бар. Үй жумуштарынын “аялдыкы” жана “эркектики” деп бөлүнүшүн окумуштуулар эки жагдайга байланыштырышат.[13] Биринчиси – эркек менен аялдын ортосундагы биологиялык айырмачылык, эркек физикалык жактан күчтүү. Экинчиси – социалдык ролдордун теориясы, коомдо конкреттүү нормалар жана баалуулуктар бекемделип, ролдор кайсы бир деңгээлде алдын ала бөлүштүрүлүп калган.

Феминисттик теория[оңдоо | булагын оңдоо]

Экинчи нөөмөт[оңдоо | булагын оңдоо]

Экинчи нөөмөт – аялдар негизги жумушунан кийин (көбүнчө төлөнгөн расмий жумушу) төлөнбөгөн үй иштерин жасоого сарптаган убактысы. Бул тамак жасоо, үй жыйноо, балдарга кам көрүү жана башка иштер. Акы төлөнбөгөн кам көрүү жана үй жумуштары, көбүнчө "аялдардын иши" деп четке кагылып, дүйнөлүк экономикага чоң салым кошот. Өткөн жылы Эл аралык эмгек уюмунун 64 өлкөсүнүн изилдөөсү, дүйнөнүн эмгекке жарамдуу калкынын 67% түзгөн, акы төлөнбөгөн жана үй-бүлөдө кам көрүү жумушун 11 триллион доллардан ашык же дүйнөлүк ИДПнын 9% түзгөн.[14]

1986-2015-жылдар аралыгында эркектердин үй жумуштарынын үлүшү өскөн, ал эми аялдардыкы азайган. 30 жылдык изилдөө мезгилинде аялдардын үй иштерине жумшаган күнүмдүк мүнөттөрүнүн саны 65 мүнөткө азайса, эркектердики 40 мүнөткө өскөн. 1986-жылы эркектердин 33 проценти уй жумуштарын такыр аткарбаганын айтышкан. Бул сан 2015-жылы 16 пайызга чейин азайган.[15]

Үчүнчү нөөмөт[оңдоо | булагын оңдоо]

Үчүнчү нөөмөт – бул аялдарга негизги жумушу жана экинчи нөөмөттөгү жумушунан тышкары кошумча дагы бир “жумуштун” же басымдын жүктөлүшү. Бул эмоционалдык кызмат көрсөтүү жана аялдардын жагымдуу көрүнүшү үчүн (сексуалдык объективдештирүүнүн өзөгү) өзүнө кам көрүү милдети.[16] Бул түшүнүк аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу тоскоолдук жаратат деп айтылып келет.

Социолог Арли Хохшильд кардарларга ыңгайлуу жагдай жаратыш үчүн персоналдын өз эмоциясын кармануусун же имитациялашын эмоционалдык тейлөө деп атаган.[17] Мисалы, ачуусу келгенине карабай орой жүргүнчүлөргө дайым жылмайып мамиле кылууну кадимки иш деп кабыл алган стюардессалар. Үй иштеринде эмоционалдык тейлөө – күйөөсүнүн тынч отуруп тамактануусу үчүн аялдын ыйлаак баласын жест, мимикалар аркылуу (көзүн алайтып, кабагын түйүп) жан далбастап сооротуусу, күйөөсүнүн маанайы бузулбашы үчүн чарчап турса да ал жумуштан келгенде жылмайып тосуп алуусу сыяктуу көрүнүштөрдө кездешет. Аялдар табияттан камкор жана баамчыл деген түшүнүктөн улам эмоционалдык тейлөөнүн үлүшү көбүнчө аларга туш келерин белгилешет адистер.[17]

Репродуктивдүү эмгек[оңдоо | булагын оңдоо]

Акы төлөнбөгөн кам көрүү иши толугу менен биологиялык болбосо да, репродуктивдүү эмгек (жарым-жартылай) ошондой. Дебра Сатц репродуктивдүү эмгек "рыноктун нормаларына ылайык каралбаган эмгектин өзгөчө түрү" деп эсептейт; ага бала төрөп, балдарды жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн тарбиялоо/камкордук кирет.[5] Бала төрөө - бул аялдын репродуктивдүү органдарына ээ болгондор гана, б.а., жалаң аялдардын иши. Акы төлөнүүчү жумушка катышуудан тышкары аял үй-бүлө мүчөлөрү бул акы төлөнбөгөн репродуктивдүү эмгектин башкы каармандары болушу күтүлөт.

Кыргызстанда келин институту жана “келинизация”[оңдоо | булагын оңдоо]

Келин – жаңы үйлөнгөн жигиттин жубайы, адатта, күйөөсүнүн үйүндө кайнене, кайнатасы, күйөөсүнүн бир туугандары менен чогуу жашайт.[18] Кийин кайната-кайнененин уруксаты менен бөлүнүп чыгып, өзүнчө жашоо кечириши мүмкүн. Эгер күйөөсү үйдүн жалгыз уулу болсо, көбүнесе өмүр бою кайната-кайненеси менен чогуу жашашат. Анткени салттуу түрдө жалгыз уул ата-эненин багуучусу болуп эсептелет.

Келиндин милдеттерине негизинен үйдөгү бардык жумуштар кирет: баарынан эрте туруп, кеч жатуу, үй иштери, күйөөсүнүн ата-энесине, бир туугандарына (ошол учурда бир үйдө чогуу жашап жаткандары), күйөөсүнө, балдарына кам көрүү жана башка. Эгер үйдө бир нече келин жашаса, анда жумуштар аларга бөлүштүрүлөт. Салт боюнча келин күйөөсүнө гана эмес, үйдө жашаган башка улууларга да баш ийет.[18]

“Келинизация” – коомчулук тарабынан ойлоп табылган социалдык термин. Ал аялдардын чектелген укугун, дискриминацияны жана башка гендердик адилетсиздикти туюнтат. Борбор Азиядагы феминисттердин башкы ураандарынын бири “Келинизация – бул кулчулук” деп аталганы ушундан улам. Мындай ураан менен 2019-жылы Бишкекте, 2021-жылы Ошто феминисттер жөө жүрүш жасашып, аялдарга карата дискриминацияны токтотууну талап кылышты. “Келин – бул күйөөнүн бардык туугандарын тейлеген эмгек ресурсу. Бул мамиле эмес, аялга такай психологиялык басым жасоо” дешет феминисттер.[19] Көпчүлүк өлкөлөрдө келин унчукпаган, күйөөсүнүн жана анын туугандарынын ар кандай басмырлоосуна чыдап жашоого милдеттүү, өз кызыкчылыгын экинчи планга койгон адам катары сүрөттөлүп келет. Ошол эле учурда келинге мындай баа берүүнү улуттук баалуулуктарга доо кетирчү көрүнүш, анткени салттуу түшүнүктөрдү жокко чыгаруу үй-бүлө баалуулуктарын уратууга алып келет деген пикирлер дагы бар.      

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. МОТ 2013. «Резолюция I. Резолюция о статистике трудовой деятельности,  занятости и недоиспользования рабочей силы, принятая на 19 Международной конференции  статистиков труда». (орус.). Женева
  2. UNDP 2009. Unpaid Care Work, Policy Brief Gender Equality and Poverty Reduction, Issue 1 Archived 2022-04-23 at the Wayback Machine
  3. ILO: Women do 4 times more unpaid care work than men in Asia and the Pacific (англ.). 2018. Кирүү күнү: бугу айынын 16, 2022.
  4. 4.0 4.1 ILO. The Unpaid Care Work and the Labour Market. An analysis of time use data based on the latest World Compilation of Time-use Surveys (англ.). 2019 https://www.ilo.org/wcmsp5/groups/public/---dgreports/---gender/documents/publication/wcms_732791.pdf
  5. 5.0 5.1 Emma, You should’ve asked. 20 MAY 2017 https://english.emmaclit.com/2017/05/20/you-shouldve-asked/ Текшерилген күн: бугу айынын 16, 2022.
  6. UNAIDS. Impact of the global economic crisis on women, girls and gender equality. 2012. https://www.unaids.org/sites/default/files/media_asset/JC2368_impact-economic-crisis-women_en_0.pdf
  7. 7.0 7.1 ЭКӨУнун статистика комитети.  https://stats.oecd.org/index.aspx?queryid=54757 Текшерүү күнү: бугу айынын 16, 2022.
  8. Юнисеф, “ООН-Женщины” Отчет. ”Расширение прав и возможностей женщин посредством снижения объема неоплачиваемой работы: региональный анализ для стран Европы и Центральной Азии". 2021.
  9. C. Koppetsch, S. Speck. "Wenn der Mann kein Ernährer mehr ist" Suhrkamp басылмасы. 2015.
  10. Аль-‘Айни Б. ‘Умда аль-кари шарх сахих аль-бухари. В 25 т. Т. 5. С. 292, 293, хадис № 676
  11. 11.0 11.1 У работающих женщин в Кыргызстане почти нет свободного времени — они тратят его на уборку дома». (орус.). 2019. Текшерилген күн: бугу айынын 16, 2022.
  12. 12.0 12.1 КРсындагы иштеген балдар, 2014-2015 жылдардагы балдар эмгегинин изилдөөсү.  http://www.stat.kg/media/publicationarchive/199f039e-9bdd-4119-af04-59c30b572c63.pdf
  13. Н. Соболева, Неоплачиваемый женский труд. (орус.) 2021. https://postnauka.ru/video/156671  
  14. E. Win100 years fighting for decent working conditions and labour equality, 2019. https://actionaid.org/opinions/2019/100-years-fighting-decent-working-conditions-and-labour-equality
  15. E. Rolfsen, Trend toward gender balance in workforce reflected in housekeeping chores. https://news.ubc.ca/2019/05/28/trend-toward-gender-balance-in-workforce-reflected-in-housekeeping-chores/ Текшерүү күнү: бугу айынын 16, 2022.
  16. Fahs, Breanne & Swank, Eric. (2016). The Other Third Shift?: Women’s Emotion Work in Their Sexual Relationships. Feminist Formations. (англ.). 28. 46-69. 10.1353/ff.2016.0043.
  17. 17.0 17.1 Симонова, О. А. (2013). Эмоциональный труд в современном обществе: научные дискуссии и дальнейшая концептуализация идей А. Р. Хохшильд. Журнал исследований социальной политики, 11 (3), 339-354.
  18. 18.0 18.1 “Келин – социальный статус в семье и обществе”, 2018 (орус.). https://www.caa-network.org/archives/13896
  19. Т. Ярмощук, Ж. Эгембердиева, З. Назарова, "Стирать руками трусы свекра и никогда не жаловаться. Кто такие келин и что с ними происходит после замужества" 2020. Кирүү күнү: бугу айынын 15, 2022.