Ак-Буура

Википедия дан

Ак-Буура — Манасты колдоочу тотемдик жаныбарлардын бири. Сагымбай Орозбаковдун вариантында төмөнкүдөй учурлар кездешет: Кара башыл ак буура Оң капталдан туптуура Калжаң уруп качырып, Кабактан чыга калгандай (Сагымбай Орозбаков, 2. 186). Буура Караханийлердин тотеми болгондуктан ал сулаледегилер «Буура-кан» деген титулду да алып жүрүшкөн. Ошондой эле Манастын ата-бабаларынын биринин ысмы да Бууракан деп аталат. Саякбай Каралаевдин вариантында «Булут аты Бууракан Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.); «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541инв., 150-б.),— деп айтылат. Демек, Буураканды жаан-чачындын, суунун кудайы деп эсептөө керек. Караханийлер ушул кудайга сыйынган деп болжоого болот. Манастын Караханийлер сулалеси менен байланышы бар деп эсептөөгө да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4