Ак-Дөбө ІІ шаар калдыгы

Википедия дан

Ак-Дөбө ІІ шаар калдыгы - орто кылымга (6-14-к.) таандык археологиялык эстелик. Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түштүк чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 км2 келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда орто кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956-60-жылдары казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийиктиги 9 метр Шаардын борбордук бөлүгү (түндүк тарабындагы Куланкорук деп аталган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болуп турган. Археологиялык казууда сапаттуу жасалган чопо идиштер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) менен сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда архитектуралык курулуштун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдордун көңүлүн бурган. 13-14-кылымдарда шаардын жашоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан археологиялык эстеликтин бузулуу коркунучу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1