Ак-Сай, Талас району

Википедия дан

Ак-Сай, Талас району, Жеңиш, Жаңы-Арык - Талас облусунун Талас районундагы кыштак. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнө караштуу. «Манас» дыйкан чарбасынын аймагында. Талды-Булак-Тараз автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Көгой кыштагынан 24 км. Маймак темир жол бекетинен 134 км. Деңиз деңгээлинен 1488 м бийиктикте жайгашкан. 1926-ж. негизделген. Калкы 3582 (2002); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, медпункт, клуб, китепкана бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры Б. Көкөбаев туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1