Ак-Суу, заказник
Көрүнүш
Ак-Суу заказниги – Москва районундагы аңчылык заказниги.
Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында. Жарташ, Карагер, Бултуке сууларынын алабын камтыйт. Аянты 7,0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, улар, кекиликтерди коргоо жана көбөйтүү максатында 1975-ж. уюшулган.