Ак-Суу-1 кум шагыл кени

Википедия дан

Ак-Суу-1 кум шагыл кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 4 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1992–2010 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен аймагы плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кум-чопо жана карбонат-чопо толтургучу бар кой таш-шагыл-кум материалынан түзүлгөн. Кум–шагылдын калыңдыгы 36 мден ашык (250мге жакын). Гранулометриялык курамы: 500 – 70 мм – 29%, 70 – 5 мм –42%, 5 мм майдасы – 29%. Кум шагыл “300” маркадагы бетон жана асфальтбетон даярдоого жарактуу. Запасы В – 142 миң м3, С1–310 миң м3, В+С1– 452 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: В – 110 миң м3. С1– 310 миң м3, В+С1 – 420 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]