Ак-Суу минералдуу суусу

Википедия дан

Ак-Суу минералдуу суусу дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Ысык-Көл обл-усундагы Ак-Суу кыштагынан 4 – 5 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегиндеги Ак-Суу өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1950–2500 м бийиктикте. Андан 8–10 км түштүк тарапта өрөөндүн баш жагында Алтынарашан минералдуу суусу чыгат. Курамы жана дарылык касиети боюнча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу илгертеден белгилүү. Суу палеозой заманынын башында пайда болгон гранит-порфирлердеги майда жаракалар аркылуу жер бетине агып чыгат. Суу ысык (57 – 60°), тунук, аз минералдашкан (0,3 – 0,4 г/л), курамы сульфат-хлорид-натрийлүү. Радиоактивдүүлүгү төмөн (радондун концентрациясы Махе бирдигинде 0,4 – 5,6). Суудан азот газы (95 – 99%) бөлүнүп турат. Суунун чыгымы 18 г/сек (1961). Суу менен муун, сөөк, жарат, нерв ооруларын дарылоого болот. Алтынарашанда балдардын шал оорусунун калдыгын дарылоочу санаторий иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]