Ак-Суу чопо кени

Википедия дан

Ак-Суу чопо кени Чүй өрөөнүндө , Сокулук районунда, Ак-Суу т. ж. бекетинен 1 км түштүк-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959–60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөң, кызгылт күрөң түстө, майда күлботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыңдыгы 1,6–8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыңдыгы 0,1–0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук жана шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005–0,05 мм 76,92%, 0,05–0,5 мм 21,54%, 0,5–2,0 мм 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич заводунда «100», «150» маркадагы кирпич жана черепица жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]