Ак-Терек-Каба, өрөөн

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ак-Терек-Каба, өрөөн Түштүк Кыргызстанда. Кара-Үңкүр суусунун оң куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3– 4 км. Деңиз деңгээлинин бийиктиги- 1600–1800 м.Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектоникалык кыймылдан жана эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска жана терең кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Т өмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орточо температурасы 20,1°С, январдыкы –2,6°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 901 мм.

Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы — Актерек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, итмурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш жана жаңгак токою менен алмашат.

Жаңгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер жемиштер, ошондой эле долоно, акчечек, аккайың, четин, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбек-Каба, Кыргыз-Каба, Жай- Терек кыштагы жана Кыргыз УИАнын Биология институтунун Ак-Терек байкоо жүргүзүүчү пункту бар.

Адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004