Ак-Терек кум-шагыл кени

Википедия дан

Ак-Терек кум-шагыл кени - Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 7 км түштүк-батышта, Ош - Ноокат жолунун боюнда, Жапалак кыштагынан 3 км түштүк тарапта. 1965-73-ж. геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен неоген-төртүнчүлүк мезгилдин башталышында пайда болгон борпоң кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кесек фракциялар начар жумуруланган, иргелбеген, жалпак формадагысы арбын (11,5—14,6%), чопо бөлүкчөлөрү 14%. Кум ири бүртүкчөлүү, кесектик модулу 12%, органикалык кошундулар жана слюда жок. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланса болот. Запасы А+В-2213 миң м3, С1-7866 миң м3, А+В+С1-10079 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1