Ак Жибек Аруу

Википедия дан

Ак Жибек Аруу (Какасча: Ах Чiбек Арығ), Какастарга тийиштүү бир дастан. Дастандын пайда болушу, ичинде берилген айрым түшүнүктөрдүн жана аныктоолордун негизинде Афанасьево маданияты менен байланышкан БЗЧ 4 миң жылдарга чейин барып такалат.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак Каан'дын өлкөсүндө алты кырдуу ак аскадан туулган башкаарман Ак Жибек Аруу, укмуштуудай аты менен кошо аскадан чыгат. Айбаттуу бир көрүнүшкө ээ болгон каарман ок менен жаага уста. Ак Каан'ды өлтүрүп өлкөсүнө талап-тоногон Ай Болот менен бетме бет келген Ак Жибек Аруу душманын эки жолу өлтүргөнүнө карабастан тирилтирип кайра анын алдына тургадан кийин күрөшкө чыгып акыры өлтүрдү. Ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай согуштарга катышкан Ак Жибек Аруу акыры Ай Болот'ту өлтүрүп, анын жерине жаңы бир башкаруучу калтырып, кеңештерин айтып, журтуна кайтып келет.

Каармандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ак Жибек Аруу: Дастандын башкаарманы катын алып.
  • Ак Каан: Ай Куучун'дун эши, Кандуу Кылыч'тын атасы жана Ай Таппа'нын чоң атасы.
  • Алып Кузгун: Бай Кара Каан'дын небереси, Ай Болот'тун уулу.
  • Ай Куучун: Ак Каан'дын эши, Кандуу Кылыч'тын энеси жана Ай Таппа'нын чоң энеси.
  • Ай Болот: Бай Кара Каан'дын уулу, Алып Кузгун'дун атасы жана Кызыл Таш'тын карындашы.
  • Ай Таппа: Кандуу Кылыч менен Кыйан Аруу'нун кызы, Ак Каан жана Кандуу Кылыч'тан соң каан болгон үчүнчү муундагы каарман.
  • Кандуу Кылыч: Ак Каан менен Ай Куучун'дун уулу, Кыйан Аруу'нун эши, Ай Таппа'нын атасы.
  • Кыйан Аруу: Кыйан Каан'дын кызы Кандуу Кылыч'тын эши, Ай Таппа'нын энеси.
  • Кыйан Каан: Кыйан Аруу'нун атасы, Кандуу Кылыч'тын кайынатасы.
  • Кызыл Таш: Бай Кара Каан'дын уулу, Ай Болот'тун карындашы.
  • Ак чачтуу кызматчы катын: Ай Куучун'дун үйүндө кызмат эткен жана Кандуу Кылыч'ты душмандарынан жашынтып өмүрүн сактап калган катын.
  • Көк Каан: Бай Кара Каан менен бир тилде сүйлөгөн өлкөнүн кааны.
  • От Каан: Озул Аруу'нун атасы.
  • Озул Аруу: От Каан'дын кызы болгон катын алып.
  • Бай Кара Каан: Ай Болот'тун жана Кызыл Таш'тын атасы, Алып Кузгун'дун чоң атасы.
  • Бай Сары Каан: Алып Саадак'тын атасы.

Адабият көрсөткүчү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Davletov, Timur B. (2015). Ah Çibek Arığ: Hakas Türklerinin Kız Alp Yiğitlik Destanı. Ankara: TÜRKSOY Yayınları. ISBN 9789757213475.