Ак тилек

Википедия дан

Таза абийирди балам менин тапса экен,
Табиятта берген кенин ачса экен.
Тилеги ama-эненин таалай болуп,
Турмуштун туура жолун басса экен.

Асангүл Абдыгулова

Ар бир адамдын чын дилинен келечектен күткөн жакшылыгы ак тилек болуп эсептелет. Алсак, окуучу мектепти алдыңкы окуучулардан болуп бүтсөм деп кыялданса, жаңы үйлөнгөндөр келечекте балалуу болуп, ал элдик адам болсо деп тилек кылышат. Орто жаштагылар куда күтүп, келинибиз ыймандуу чыкса деп самашат. Жалпы адамзат Жерде тынчтык болуп, табигый кырсык болбосо экен деп тилешет. Ошентип, жеке адамдын, үй бүлөнүн, мектептин, айылдын, райондун, мамлекеттин, деги эле жалпы элдин тилеги болот. Адам мына ушул чын көңүлү менен көксөгөн тилегине жетүү үчүн өмүр бою далалат кылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.