Ак чопо

Википедия дан

Ак чопо – бөлүкчөлөрү өлчөмү 0,01 мм кичине болгон алюмосиликаттан турган чөкмө тоотек. Негизинен бардык чополор сууда эзилип, камыр сымал жумшарат да, кургаганда түспөлүн сактайт. Тапталуудан ныкталат. Минералдык курамы б-ча каолиндүү монтмориллониттүү, бентониттүү, гидрослюдалуу жана башка деп бөлүнөт. Каолин минералынын формуласы AI2(Si2O5)(OH)4. Курамында 50 % ашык 0,01 мм өлчөмдөгү бөлүкчөлөр болот, негизги компоненттери SiO2(30-70 %), AI2O3-(10-40 %) жана H2O(5-10 %), аз гана проценти башка металлдар оксиддеринен турат. Айрыкча каолин курамында Fe2O3 аз болгондуктан түсү таза ак болот да, фарфор,фаянс идиштерин жасоодо, к-тага турактуу материалдарды алууда колдонулат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]